Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +3…+5.