Connect with us

Кыргыз-өзбек биргелешкен туристтик продукцияларды түзүү сунушталды

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 199 | 0
Самарканд шаары.

Кыргызстан Өзбекстанга биргелешкен туристтик продукцияларды түзүүнү сунуштады. Президент Садыр Жапаров 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда билдиргендей, бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.

Мындай максатта эс алуу аймактарын — Ысык-Көл, Жалал-Абад, ошондой эле Чуңкурчак, Каракол жана руханий туризмди Самарканд, Бухара, Хива өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштады.

«Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейт», — деди президент Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM