Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Чек ара боюнча тарыхый келишим түзүлдү

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 371 | 0

Чек ара боюнча тарыхый келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-январда президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген жыйында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мирзиёев Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, өзбек тарап Кыргызстандагы реформаларга чын жүрөктөн кубанат.

«Биз бардык маселени кылдат жана ашыкпай карап чыктык. Эч кандай көйгөй болгон жок деп айткым келет. Эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин 31 жылдык тарыхында мындай болгон эмес. Садыр Жапаровдун саясий эрки болбогондо мындай жыйынтык болмок эмес. Биздин байланыштар системалуу жана интенсивдүү мүнөзгө ээ болду. Тарыхый чек ара келишими түзүлдү», — деди Мирзиёев.

Copyright © 2017 Maral FM