Биз менен байланышыңыз

Кылмыш иши козголгон 15 турак жай кооперативинин тизмеси

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 2466 | 0

2022-жылы турак жай кооперативдерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча жалпысынан 1 миң 524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 1 миң 284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Келтирилген материалдык зыян 901 млн 726 миң сомду түзөт. Учурда 108 млн 855 миң 713 сом өндүрүлдү.

Былтыр жыл ичинде алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн. Алар:

«Ак үй КЖ», «Жилье Гарант», «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «С-Лайн», «Биринчи турак-жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК кооператив», «Нью миленниум», «Эл биримдиги».

ИИМ турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM