Биз менен байланышыңыз

29-январда Кыргызстанда алгачкы «Китеп форум» өтөт

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 643 | 0

29-январда Кыргызстанда алгачкы «Китеп форум» өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумдун максаты —  Кыргызстандын адабий чөйрөсүндө, китеп өндүрүшүндө иштеген тараптарды жана окурмандарды бир платформага чогултуу, басма үйлөр, авторлор, жазуучулар, котормочулар, китеп дүкөндөр жана окурмандар арасындагы байланышты чыңдоо, бул тармактагы жаңылыктарды, тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талдоо, китеп окуу маданиятын калыптандырып, жайылтууга салым кошуу.

Форумда учур адабиятындагы тенденцияларга, жаңылыктарга, маркетинг багытындагы тренддерге, окурмандардын сунуштарына арналган панелдик талкуулар өтөт.

Ошондой эле буга чейин жарыяланган «Кыргызстандагы китеп окуу маданияты жөнүндө» социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча таанытым сунушталат. Кыргызстандыктардын китепке болгон мамилесин түшүнүүгө арналган сурамжылоого 5 миңге жакын адам катышкан.

Иш-чарада китеп дүкөндөрдүн, басма үйлөрдүн, жеке авторлордун китеп жарманкеси да болот.

«Акбарак» адабий фонду уюштурган форум Novotel мейманканасында саат 10:30-14:00 аралыгында өтөт. Кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM