Биз менен байланышыңыз

Жол кире: «Тулпар» картасын колдонгондор үчүн баа кымбаттабайт

Коом | 27 Янв 2023 | 769 | 0

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, троллейбустар жана автобустарда жол кире 15 сомго, кичиавтобустарда жүрүү баасын 21 сомго чейин жогорулатуу каралууда. Мэрия жол киренин жогорулашына күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбаттаганын жүйө келтирүүдө. Ал эми «Тулпар» транспорттук картасын колдонгондор үчүн жол кире мурункудай эле калат.

Аталган маселе боюнча эл арасына суроо салганыбызда төмөнкүдөй жоопторду беришти:

— Азыркы 15 сом деле жакшы эле болчу. Эгер 20 сомго чейин көтөрүлө турган болсо, кечки саат 9дан кийин деле ушул баада калышы керек. 30 сом өтө эле көп болуп калат.

— Баанын көтөрүлүшүнө макулмун. Себеби күйүүчү май да кымбаттап жатат. Күйүүчү май арзандаса, жол кире да арзандайт. Көп жылдан бери жол кире көтөрүлбөй, бир жыл мурун 5 сомго жогорулады. Менин оюмча, көтөргөнү туура эле.

— Эки-үчтөн балдарыбыз бар. Алардын ар бирине күнүнө 20-30 сомдон берип туруу керек. Мындан да кымбаттаса, кыйын эле болот. Ушул боюнча эле калса жакшы болмок.

— Бул акчаны таппаган адамдар да бар. Эл көтөрө албайт. Азыркы баасында эле калышы керек. Өлкөдө жумушсуз жүргөндөр көп.

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиев билдиргендей, жол киренин жогорулашы боюнча токтом али кабыл алына элек. Токтом долбоору учурда коомдук талкууда.

Нусувалиев жол киренин кымбатташына эмне себеп болуп жатканын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Маршруткалардын дээрлик баары солярка, дизель майы менен жүрөт. 2021-жылы сентябрь айында солярка 42 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми азыркы учурда 76 сомдон ашты. Андан тышкары унаа тетиктери да кескин кымбаттап кетти. Булар да баанын жогорулашына себеп болуп жатат. Тиешелүү мониторинг жүрдү. Экономикалык эсептөөлөр жүргөндөн кийин 21 сом деп адистер сунуштады. Аны шаардык кеңештин кароосуна, коомдук талкууга да койдук. Жыйынтыгын эми көрөбүз».

Ал эми коомдук транспортто «Тулпар» картасын колдонгондор үчүн баа кымбаттабайт.

«Тулпар» долбоорунун менеджери Каныбек Таалайбек уулу аталган транспорттук карта менен төлөө кызматын маршруткаларга да орнотуу пландалып жатканын айты.

Анын маалыматында тиркеме аркылуу төлөө жарандар үчүн ыңгайлуу, ошондой эле айдоочунун да убактысын үнөмдөөгө жардам берет. Муну менен катар арзан да болот. Ал аталган электрондук кызматты жайылтуу керектигин белгиледи.

«Жалпы эле коомдук транспортту карта аркылуу төлөө максатын ишке ашырып келе жатабыз. Азыркы учурда баскыч менен баратабыз. Бул кызматты колдонуу жарандарга бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бир гана «Тулпар» картасы эмес, банктык карталар менен да төлөсө болот. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык адам бул кызматты колдонот. Анын ичинде карталар бөлүнөт. Ошого карап төлөнө берет».

Жол киреге төмөнкүдөй баалар сунушталып жатат:

  • троллейбус-автобустарда жүрүү — 15 сом;
  • маршруттук кичибустар саат 6:00дөн 20:30га чейин — 21 сом, саат 20:30дан 06:00гө чейин — 32 сом;
  • №233, 234 экспресс каттамдагы унаалар — 22 сом;
  • №123, 226, 252 экспресс каттамдагы унаалар — 32 сом.

Шаардык каттоосу бар жарандардын төмөнкү категориялары үчүн акысыз жүрүү укугун берүү сунушталууда:

  • пенсионерлер;
  • I, II, III топтогу майыптар;
  • тубаса майыптар;
  • жети жашка чейинки балдар.

Коомдук транспорт менен акысыз каттоо үчүн ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн транспорттук карта болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM