Connect with us

Бишкекте таштанды сорттоо боюнча экинчи пункт ачылды

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 312 | 0

Бишкекте таштанды сорттоо боюнча экинчи пункт иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн атайын эко-жай Биринчи Май районунда ачылды.

Евроконтейнерлерге видеобайкоо камералары, борбордук коммуникация системалары — суу менен камсыздоо, канализация жана электр энергиясы орнотулду.

Таштанды челектери жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бастырманын астында жайгашкан. Контейнерлерди орнотуу жана жакынкы үйлөрдүн калкынын саны эске алынган.

Бишкектин Биринчи Май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү 188/2 дарегинде пилоттук долбоордун алкагында таштандыны иргеп таштаганга мүмкүн болгон биринчи пункт январдын башында ачылган. Мындай аянтчаларды жайгаштыруу боюнча иштер башка борбор шаарларда да уланууда.

Долбоор инвесторлордун каражатынын эсебинен ишке ашырылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM