Connect with us

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 265 | 0

Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Каракол дарыясы үйөрлөп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. Буга байланыштуу аймакка өзгөчө кырдаал киргизилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

26-январда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы-аким, ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын жетекчилик курамы, «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» бөлүмүнүн башчысы  менен биргеликте Көпүрө-Базар айылында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, облустук ЖК кызматтарын тартуу чечимин кабыл алышты.

Кырдаалды жөнгө салуу жана максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги «өзгөчө кырдаалдар» режими жарыяланды.

Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Э.Курманбаев жетектеген 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган. Ошондой эле «Кызыл ай» коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM