Connect with us

Ташкенттеги кафе жана ресторандар кадимки режимде иштей баштады

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 247 | 0

Өзбекстандын борбору Ташкентте абанын температурасы жогорулап, газ жана электр энергиясы тармагындагы абал турукташканына байланыштуу сейил бактардын, соода жана көңүл ачуу борборлорунун ишине киргизилген чектөөлөр алынды.

«Абанын температурасы жогорулап, кырдаал турукташып жатат. Ошондуктан жогоруда аталган ишканалар кадимки режимде иштей баштаса болот», – деп жазылган шаардык акимчиликтин билдирүүсүндө.

15-январда электр энергиясын үнөмдөө максатында Ташкенттеги көңүл ачуу жайларынын, сейил бактардын, соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин иш убактысы кыскартылып, саат 10:00дөн 17:00гө чейин гана иштеп калышкан.

Ошол эле маалда азык-түлүк дүкөндөрү, кафе жана ресторандар кадимки режимде иштөөсүн улантышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM