Connect with us

Жеңиш Разаков камакка алынды. ИИМдин расмий маалыматы

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 465 | 0

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен бир миллион АКШ долларын алган факты боюнча  козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын 20-сентябрында Б.А. аттуу жаран мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүп берүүнү суранып, ИИМдин Тергөө кызматына арыз жазган.

Арызда 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000  АКШ долларын алып бербей койгону көрсөтүлгөн. 2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык)  менен иш козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM