Биз менен байланышыңыз

Парламент каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 153 | 0

Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарга кылмыш ишин козгогон мыйзам долбоорун колдоду.

Бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында кылмыш-жаза процессуалдык кодексин өзгөртүү маселеси талкууланды. Анда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.

Анын айтымында, сунушталган долбоор Конституциялык соттун 2022-жылдын 15-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин мотивдик бөлүгүндө козголгон маселени чечүүгө багытталган.

Андан тышкары жыйында депутат Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.

Ташиев аталган долбоор каржы пирамидаларын уюштуруу маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын кошумчалады.

«Тагыраагы, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, каржы пирамидаларын түзгөндөрдүн ишин жарнамалаган инсандарды да жоопко тартуу сунушталууда. Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарды 20 миңден 25 миңдик эсептик көрсөткүчкө барабар айып пул жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралууда»,– деди.

Өткөн жылы каржы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгону айтылды.

Жыйында депутат Дастан Бекешев сунушту колдоорун белгилеп, айрым каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу сөз кылды.

Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев кылмыш жасалгандан кийин күрөшпөй, алдын алуу чараларын да күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Былтыр каржы пирамидасынан 1000ден ашуун адам жабыркаган

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM