Биз менен байланышыңыз

Былтыр каржы пирамидасынан 1000ден ашуун адам жабыркаган

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 169 | 0

2022-жылы каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 1 миң 52 кылмыш иши тергелип, 765 иш соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 27 жана 246-беренелеринин негизинде өндүрүштөн кыскартылган же токтотулган кылмыш иштери бар.

Ал эми жабырлануучулардын саны миңден ашык адамды түзөт. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 млн сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан (болжол менен 137 млн 373 миң сом) ашык сумманы түзөт. Жалпы сумма болжол менен 410 млн 373 миң сомду түзгөн.

Каржы пирамидасы фактысы боюнча төмөнкү уюмдарга кылмыш иши козголгон: «Мега Инвест», «Элиза үй буюмдары», «Асыл айымдар», «Финико», «Файв виндс ассет мейважмемт», «Ордо-Мурас», «Арууке», «Жүрөккө-Жүрөк», «Балыкчы Ынтымагы», «Мега Инвест», «Аппи Трэвелс», «Алмаз Авто», «Эл Биримдик», «Нворк», «Куестро Ворд», «ОК платформа» жана башкалар.

Каржы пирамидалары өз ишмердигин Бишкек, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында жүргүзүшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM