Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 1021 | 0

Бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны аба майданда президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган.

Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү.

Copyright © 2017 Maral FM