Биз менен байланышыңыз

Жантаев: Бишкектеги райондорго кыргызча ат берүү иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 632 | 0

Бишкек шаарындагы райондордун аталышын өзгөртүү сунуштары келип түшүүдө. Жакын арада Бишкек шаардык кеңешинде каралат жана парламенттин талкуусуна чыгарылат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Элчибек Жантаев айтты.

Депутат Руслан Жакышев Жантаевге суроо берип жатып, өлкө боюнча айыл аймактардын аталышын өзгөртүү боюнча ревизиция жасап, сунуштарды алып келүүгө чакырды.

«Кыргызстандагы айылдарга инвентаризация жасалып бүтүп калды, жагымсыз аталыштар боюнча тизме түзүлгөн. Айрымдарын өзгөртүүгө да жетиштик, калгандары боюнча документтер даярдалып жатат. Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу да сунуштар келип жатат. Жакын арада шаардык кеңеш караса, парламентке да алып келебиз», — деди Элчибек Жантаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев былтыр 25-ноябрда Элдик курултайда Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын жана башка жер-суулардын аттарын кыргыз тилиндеги аталыштарга которууну сунуштаган.

Ошол эле күнү Орусия Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары Шакиевдин демилгеси «Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө» жатарын айтып, Грузияда жана Украинада да баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президентинин да кийлигишүүсү зарылдыгын белгилешкен.

Шакиевдин сунушу жана Орусиянын реакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү» катары сыпатталган.

Учурда Бишкектин райондору Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.

Быйыл Баткен облусундагы үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам күчүнө кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM