Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 252 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси алмашты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Нуртазин Жетибаев кызматтан кетип, ордуна Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы аппарат башчысы Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Ал эмгек жамаатына тааныштырылды.

Нуртазин Жетибаев курулуш агенттигине 2022-жылдын июнь айында жетекчи болгон. Ага чейин агенттикти Токтомамбет Сатышов башкарган.

Нуртазин Жетибаев Президенттин иш башкармалыгында жетекчинин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM