Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов менен Власовдун беттеши апрелде өтөт

Кыска кабар , Спорт | 26 Янв 2023 | 381 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власовдун беттеши Poddubny Wrestling League мелдешинин алкагында өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, беттешти ушул жылдын апрель айында өткөрүү пландалып жатат. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз.

Акжол Махмудов мелдешти чыдамсыздык менен күтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Чакырыкка даярмын, элиме болгон жоопкерчилик мени алдыга сүрөөдө. Катуу даярдыктан өтүп, дем-күч менен алдыдагы беттешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Роман Власовдун жеңген сыйлыктары анын ким экенин көрсөтүп турат. Бул мага ого бетер шык берет», — деп жазган балбан.

Белгилей кетсек, бул беттешти күйөрмандар эки жылдан ашык убакыт күттү. Буга чейин балбандар беттеш өткөрүүнү макулдашып, бирок өтпөй калган.

Акжол Махмудов — Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону. Ал эми Роман Власов Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM