Биз менен байланышыңыз

УКМК: Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси кармалды

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 2598 | 1

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган адам Президенттин администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылганы аныкталган.

Тергөө жүрүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Марк

    27.01.2023 18:49

    Канча алып жатканда кармалыптыр?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM