Биз менен байланышыңыз

Балдары армияда кызмат өтөгөн саясатчылардын ысымдары аталды

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 585 | 0
Коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 25-январдагы жыйынында коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартовго суроо берип жатып, альтернативдик кызматтын баасын көтөрүү керектигин айтты.

Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, аскердик кызмат өтөөгө жылына 40 миңдей жигит чакырылат, анын ичинен 25 миңдейи альтернативдик кызматка өтөт.

Альтернативдик кызматтын шарты боюнча, үй-бүлөлүк абалына байланыштуу 18 миң сом төлөнөт, жашы 25тен өткөн адам 25 миң сомдон төлөйт.

Ден соолугуна байланыштуу болсо, альтернативдик кызматтан бекер өтүп, экинчи категориядагы аскер билетин алат.

Бир айлык кызмат да бар, бул биринчи категорияга кирет, андан өткөндөр бардык күч органдарындагы жумушка кирсе болот. Министрдин орун басары бааларды көтөрүү боюнча сунуш талкуулангандан кийин гана айтылышы керектигин айтты.

Депутат Атазов кайсы аткаминердин балдары аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу да маалымат сурады.

«Депутат Искендер Матраимов, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баласы, генерал Ташиевдин балдары аскердик кызмат өтөгөн», — деди Коргоо министринин орун басары.

Бүгүн парламентте «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскерлерин биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM