Биз менен байланышыңыз

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Коом | 25 Янв 2023 | 1159 | 2

Жогорку Кеңештин бир топ депутаты айдоочуларды автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамдын мөөнөтүн жылдырууну сунушташты. Эл өкүлдөрү 1-апрелге чейин унаа ээлери камсыздандыруу полисин алууга жетишпей каларын айтышууда.

Ошондой эле алар мыйзамдын күчүнө кергенине карабай, ишке киргизүү мөөнөтүн жылдырып турууну сунуштап жатышат.

Депутат Нуржигит Кадырбеков камсыздандыруу процесси татаал экенин айтты. Анда автоунаанын ээсинен ишеним кат талап кылынарын, автоунааны атына каттатып коюп, башка жакта жүргөндөр бар экенин эске алууга чакырды.

Кадырбеков муну жылдырбаса, чыңалуу пайда болуп,  кийинки митинг камсыздандыруу компанияларынын алдында болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

«1-апрелге чейин каттап бүткүлө деп айтып коюш оңой эле. Күнүнө 10 миң машинаны каттоого физикалык жактан жетишүү мүмкүн эмес. Техникалык жабдыктардын да буга күчү жетпейт экен. Кыргызстанда 2 млн унаа болсо, ар бири 1600дөн 3000 сомго чейин төлөшөт. Мындан канчалаган акчалар түшөт. Экинчиден, барсаң эле каттай койбойт экен. Айдоочулук күбөлүгүңдү, тех паспортуңду, унаанын ээсинен ишеним кат сурайт экен. Мисалы, бирөө Орусияда жүрөт унаасын башкага каттап коюп. Бирөө ооруканада жатат. Бирөө дагы бир себептер менен жок. Электрондук каттоо түрү жок экен. Жок дегенде мораторий керек».

Депутат Эмил Токтошев да Кыргызстанда 1,5 млн машине бар экенин, эки айда анын баарына камсыздандыруу берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Эл өкүлдөрү министрлер кабинетинен тийиштүү маалыматтарды алууну өтүнүштү.

«Автоунааны камсыздандыруу боюнча элге маалымат бергиле деп 2 жума мурун айткам. Эл ага даяр эмес. Мына эки жума өттү. Өкмөт тарабынан эч кандай маалымат берүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Мен автоунааны камсыздандырууну колдойм. Кыргызстанга керек бул мыйзам. Профилдик комитетке буйрук берели. Лицензия алган камсыздандыруу компаниянын саны 11 түздү. Лицензия кандай берилди, камсыздандырууга даярбы? Кандай таризде берет? Ушулар тууралуу кененирээк маалымат алалы. Андан кийин гана бир жыйынтыкка келели. Эгер даяр эмес болсо, анда жылдырууга туура келет».

«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын негизинде өлкөдө 1-апрелге чейин автоунаа ээлери унаасын милдеттүү түрдө камсыздандырышы керек.

Мындан ары унаа ээлеринен айдоочулук күбөлүк гана эмес камсыздандыруу полиси да талап кылына баштайт. Эгер айдоочунун камсыздандыруу полиси жок болсо, анда ага айып пул салынат.

Автоунаа ээлеринин көпчүлүгү камсыздандыруу полисин алууга каршы болууда. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Алтынбек Кыдыралиев буга чейин да унаасын камсыздандырып келген. Бирок ал учурда камсыздандыруудан баш тарткан. Себеби жөн жерден эле акча кетип жатканын айтууда.

«Мен камсыздандырууга каршымын. Кандай учур болбосун өзүңдүн катаңды өзүң эле актап алганың жакшы. Жеринде эле маселени чечип, оңдой турганын оңдоп, төлөй турганын берип дегендей. Мен буга чейин унаама жылына 400-500 доллардын тегерегинде камсыздандырууга төлөп келгем. Эч кандай учур катталбаса, күйүп, кийинки жылга өтүп кетет экен. Менин башымдан өттү андай нерсе. Ошол үчүн азыркы учурда камсыздандырбай элемин».

Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Азат Сапарбек уулу унааны камсыздандыруу процесси тууралуу маалымат берди.

«1-апрелден баштап жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор ар бир унааны токтоткон учурда айдоочулук күбөлүгүн жана унаага тиешелүү болгон документтерди сурашат. Эми камсыздандыруу полисин дагы сурап баштайт. Эгер камсыздандыруу полиси жок болгон учурда административдик мыйзамдын чегинде бузуулар кодексине ылайык, административдик чаралар көрүлө баштайт. Бул мыйзамда кокус автотранспорт кандайдыр бир кырсыкка учураса, анын кесепетинен жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кандайдыр бир зыян келтирген учурда унаа ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу дегенди билдирет».

Автоунаа ээлери үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча базалык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1680 сом өлчөмүндө белгиленген. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү унаанын көлөмүнө жана унаа ээсинин айдоочулук тажрыйбасына карата белгиленет.

1-апрелден баштап текшерүү башталат жана полис албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 камсыздандыруу ишканасы айдоочуларга полис берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик калганы жеке менчик компаниялар.

2 пикир

2 пикир

  1. Бекмырза

    11.12.2023 10:04

    Эмнеге Элден сурабайсынар даайыма Оз билемдик менен иш кыласынар камсыздандыруунун эмне кереги бар машина урулганда женил болсо макул толоп берет жараксыз болуп калса жаны алып бергенге кудретинер жетеби Эгер ушул маселе тууралуу Эл козголсо митинг болсо мен биринчилеоден болуп чыгамын бизге камсыздандыруунун кереги жок элда мендей ойдо баары ушинтип атат

  2. Бекмырза

    11.12.2023 10:07

    Кереги жок митинг болсо мен биринчилерден болуп чыгамын камсыздандырбай деле озум толой аламын жараксыз болуп калган машинаны жаны алып бергенге кудретинер жеткенде ушинтктиле эптеп эле мыйзамдуу каракчы болбой

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM