Биз менен байланышыңыз

Атай Бейшенбекке карата дагы бир кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 469 | 0

Активист Атай Бейшенбекке карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов билдирди. Анын маалыматына караганда, Атай Бейшенбекке карата жети жыл мурун кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган кылмыш иши кайра жандандырылды.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атай 2020-жылдын 5-октябрында Бишкек мэриясын басып алган. Иштин материалдарын УКМК кызматкерлери 2022-жылдын июнь айында чогулткан. Күзөт полкунун кызматкерлери Жоошбек Коёналиев менен Атай Бейшенбекти көрүшкөнүн айтышкан. Иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди», — деди жактоочу.

Атай Бейшенбек төмөнкү иштер боюнча айыпталууда:

Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 4-бөлүгү «Имараттарды же курулмаларды өз алдынча басып алуу же басып алуу».

278-берене 2-бөлүгү, «Массалык башаламандык уюштуруу».

209-берененин 3-бөлүгү «Алдамчылык».

Блогер массалык башаламандык уюштурууга шек саналып былтыр 23-октябрда кармалган, бирок өзүнө коюлган айыпты четке кагып, сот чечимин мыйзамсыз деп келет. Атай Бейшенбек «Кемпир-Абадды коргоо» комитетине мүчө эмес.

Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 20дан ашык саясатчы жана жарандык активистти кармаган.

Copyright © 2017 Maral FM