Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Бузурманкуловдун жубайына айып салынды

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 248 | 0

Бүгүн, 24-январда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп митингге чыккан Толгонай Солтонованын иши каралып, сот аны айыптуу деп таап, 3 миң сом айып пул салды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 128-беренеси менен айып коюлду.

Толгонай Солтонова — Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы.

Быйыл 10-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары тынчтык митингине чыгышкан. Алар жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышкан. Бул акциянын катышуучуларын милиция кармап кетип, кайра коё берген.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM