Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 129 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-январда Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров 2023-жылдын экинчи жарымында өткөрүлүшү пландалып жаткан парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү, өз ара иш сапарларды көбөйтүүнү белгиледи.

Маулен Ашимбаев Кыргызстанды ЕАЭБ органдарындагы ийгиликтүү төрагалыгы жана 2023-жылы КМШга төрагалык кылуунун башталышы менен куттуктады. Казакстан өз тарабынан бардык демилгелерди ишке ашырууда кыргыз тарапка колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Казак парламентинин төрагасы Кыргызстанга 23-январда иш сапары менен келген. Ал Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейине да барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM