Биз менен байланышыңыз

Медиа коомчулук «Азаттыкка» каршы доо арызды кайтарып алууга чакырды

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 358 | 0

Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Арызда айтылгандай, министрликтин «Азаттыкка» карата койгон айыбы негизсиз, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды негизсиз колдонуп жатат.

Себеби «Азаттыктагы» видео материалда эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматы гана берилген. «Согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө» деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу жана мындай кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болот.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен бекитилген документте, сайттын ишин токтотууга кайсы бир жаран же компания ар-намысына шек келтирилгени жана жалган маалымат таратылганы жөнүндөгү арызы негиз болот.

Маданият министрлиги административдик доо арыздын каралышын жана маңызы боюнча чечимдин чыгышын күтпөстөн, «Азаттык медиа» мекемесинин ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылганы мыйзамсыз экени айтылды.

«Азаттык Медиа» мекемесинин сайтын жабуу боюнча Маданият министрлигинин ыйгарым укуктары мыйзамсыз жана негизсиз колдонулган деп эсептейбиз» , — деп айтылат билдирүүдө.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Ага чейин былтыр 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттык» ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM