Connect with us

Жалал-Абадда былтыр 21 адам «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тарткан

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 230 | 0

Жалал-Абад облусунда 2022-жыл ичинде 21 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тарткан. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле диний экстремизм багытында издөөдө жүргөн бир жаран кармалган. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин бир нече беренелеринин негизинде 1 миң 353 административдик протокол түзүлгөн. Анын натыйжасында республикалык бюджетке 7 млн 176 миң сом айып пул өндүрүлгөн.

Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жер-жерлерде жалпысынан 847 жолу алдын алуу иштери өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM