Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ажылык сапарына каттоо башталды

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 339 | 0

2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январда башталды, 14-февралга чейин уланат. 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарга баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек.

Жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Ажыга бара тургандар 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөйт.

Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота берген. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.

Copyright © 2017 Maral FM