Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 330 | 0

25-январда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер чөйрөсүнүн форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бизнес-форумда айыл чарба, туризм жана жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалог куруу үчүн жаңы байланыштар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

«Делегациянын кеңири курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана чөйрөнү кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM