Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн 346 айылында ичүүчү суу системасы жок

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 263 | 0

Кыргызстандын 346 калктуу конушунда ичүүчү суу системасы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Жолдошбек Абдраев билдирди.

Анын айтымында, 822 айылда суу түтүктөрдү куруу талап кылынат.

«2000-2014-жылдары Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион евро инвестициянын эсебинен ичүүчү суу менен 545 айыл камсыз болгон. 346 калктуу конушта суу түтүктөрү толугу менен жок болсо, 476 айылда суу түтүктөрү 1940-1970- жылдары курулган», — деди ал.

Абдраевдин маалыматы боюнча, 2022-жылы 39 айылда таза суу өткөрүлдү. Анын ичинен 11и республикалык бюджеттин, 2си жергиликтүү бюджеттин, калгандары донорлордун эсебинен.

Copyright © 2017 Maral FM