Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы «Улан» турбазасынын өткөрмө пунктунан өрт чыкканы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 22-январда түшкөн.
Өрт чыккан жайга Балыкчы шаарынын №19 бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Тилсиз жоо кечки саат 18:38де чектөөгө алынып, 19:15те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан бир адам каза болгон. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.