Биз менен байланышыңыз

Султанбаев АКШ сенаторлорунун кайрылуусуна жооп берди

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 163 | 0

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун «Азаттык Медиа» боюнча кайрылуусуна жооп берди.

«Азаттык Медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын  14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин, министрлик «Азаттык Медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.Өз укугун пайдалануу менен сайт иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган. Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө», — деди Султанбаев.

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө «Азаттык» радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктан» Баткен окуясы тууралуу «Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу» деген тариздеги маалыматты өчүрүү талабын койгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Министрлик «Азаттык Медиа» сайтынын ишин бөгөттөгөн чечимин күчүндө калтырган.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM