Биз менен байланышыңыз

Дүйнө өлкөлөрүндө Алексей Навальныйды колдоо акциялары өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 376 | 0

Ушул күндөрү дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө камактагы орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды жана Орусиядагы башка саясий туткундарды колдоо акциялары өтүп жатат.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, акциялар Орусиянын элчиликтеринин алдында же шаарлардын борбордук аянттарында өтүп, ага негизинен Украинадагы согушка каршы орус жарандары катышууда.

17-январда Навальныйдын кармалганына туура эки жыл болду. Ал Орусияга кайтып келгенде «Ив Роше» ишине байланыштуу кармалып, камакка алынган. Кийинчерээк «алдамчылык» беренеси менен кайра соттолуп, катаал тартиптеги абакка кесилген. Саясатчы түрмөнүн администрациясын өзүн жүйөсүз себептерден утур-утур айып жайына камай бергени үчүн сындап келет. Навальный жана анын тарапташтары ага карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. Дүйнөнүн алдыңкы укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп тааныган.

20-21-январда Навальныйды колдогон акциялар Вильнюс, Рига, Копенгаген, Берлин, Лондон, Стокгольм, Тбилиси, Сидней, Рейкьявик, Прага, Буэнос-Айрес жана башка 20га жакын шаарларда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM