Биз менен байланышыңыз

Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 409 | 0

Түркмөнстанда парламенттин жогорку палатасы жоюлуп, элдик бийликтин бир палаталуу жогорку органы – Халк Маслахаты түзүлдү. Мындай чечим 21-январда түркмөн парламентинин жыйынында кабыл алынганын өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, элдик бийликтин жогорку органын Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов жетектеп, улут лидери макамына ээ болду.

Халк Маслахаты — көз карандысыз орган катары түзүлгөн, мыйзамдарды кабыл алуу тууралуу сунуштарды кароого, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоого, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууга, тынчтык жана коопсуздук маселелерине баа берүүгө укуктуу.

Халк Маслахатын парламенттин өкүлдөр палатасы катары жоюу жана аны элдик бийликтин эң жогорку органы катары түзүү тууралуу сунуш 21-январда парламентте айтылган. Ал бир нече сааттан кийин эле колдоо таап, ишке ашырылган.

11-январда парламенттин жогорку палатасынын төрагасы болуп турган Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстандын мыйзам чыгаруу органын кайрадан жалгыз палаталуу кылып реформалоону жана Халк Маслахатын кайрадан түзүп, ага кеңири укуктарды берүүнү сунуштаган.

Түркмөнстанда эки палаталуу парламент көпкө иштеген жок. Ал 2021-жылы январь айында түзүлгөн.

Ошентип түркмөн парламенти кайрадан бир палаталуу болуп калды. Мажилистин XII чакырылышына депутаттарды шайлоо ушул жылдын 26-мартында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM