Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 389 | 0

Бүгүн, 23-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 миллиард 889,04 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан кабарлашты.

Учурда суунун агып кириши секундасына 112 куб метр, суунун агымы жогору бойдон калууда, секундасына 863 куб метр.

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 450-480 мегаватты түзүп жатканнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин 19-январдагы жыйынында айткан.

«Учурда Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 330-350 мегаватты алып жатат, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 2926 мегават, иш жүзүндө керектөө — 3318 мегават. Чектөөлөр киргизилбесе 3740 мегаватка чыгат» , — деп билдирген министр.

Copyright © 2017 Maral FM