Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кыска кабар | 22 Янв 2023 | 589 | 0

Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

21-январь саат 23:30 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) «Киа Соренто» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жарнак тактасын сүзгөн. Катуу соккудан унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Маалыматка караганда, машинени 2004-жылы туулган кыз айдап бара жаткан, унаада төрт жүргүнчү болгон, анын экөө мерт кетип, айдоочу жана 2003-жылы туулган дагы бир кыз ооруканада. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM