Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы 11 банк ишкерлерге пайызсыз насыя берет

Кыска кабар | 22 Янв 2023 | 2332 | 0

Кыргызстанда ишкерлер 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Бул тууралуу Улуттук банк Финансы министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргызстандын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоорун ишке ашырып жатат.

Анын алкагында ишкерлерге насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилет, мөөнөтү 36 айга чейин. Салык, камсыздандыруу боюнча карызы жок, иш жүргүзгөнүнө жарым жылдан ашкан тараптарга берилет. Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин жеткен ишкерлер 1 млн сом, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин жеткен ишкерлер 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.

Кайсы банктардан алса болот?

«Айыл банк», РСК, «Керемет банк», «Халык банк», «Доскредобанк», «Азия банкы», «Финанскредитбанк», «Капитал банк», «Кыргызкоммерцбанк», Кыргыз-Швейцария банкы, «Бакай банк».

Толук маалыматты бул шилтемеден окуңуз.

Copyright © 2017 Maral FM