Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк жети алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту

Кыска кабар | 22 Янв 2023 | 348 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн жети алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

21-январдан 4-февралга чейин «Азамат КЭШ», «Акак плюс»,  «Заман-Нурдин» ЖЧКсы, «Исхак и Исаак» ЖЧКсы,»Сириус Групп» ЖЧКсынын лицензиясы токтотулду.

Ошондой эле 21-январдан 30-январга чейин Чүй облусунда жайгашкан «Ислам Кэш», Бишкектеги «НУРДАН КОМПАНИ ЛТД» алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM