Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Шыкмаматов эмгек жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 132 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка 19-январда кол коюлган.

Аны жамаатка президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды.

Буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагын Кудрет Тайчабаров жетектеп келген. Ал  17-январда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени кабарланган.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM