Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка 19-январда кол коюлган.
Аны жамаатка президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды.
Буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагын Кудрет Тайчабаров жетектеп келген. Ал 17-январда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени кабарланган.
Алмамбет Шыкмаматов буга чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.
Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.
Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.