Биз менен байланышыңыз

Талас: Турак үйдүн меши жарылып, 33 жаштагы келин каза болду

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 323 | 0

Кечээ, 17-январда саат 17:30 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылындагы турак үйлөрдүн биринин меши жарылып, 33 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы «Маралга» билдирди.

Кырсыкка кабылган келин Бакай-Ата райондук ооруканасына жеткирилген, кийинчирээк жандандыруу бөлүмүнөн көз жумган.

Ал эми келиндин 2020-жылы туулган уулу 8-9% ысык сууга күйүп калган, учурда ооруканада жатат.

«ӨКМге кырсык боюнча маалымат түшкөн эмес. Маалымат бүгүн, 18-январда Бакай-Ата райондук РИИБинен берилген», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

Copyright © 2017 Maral FM