Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлык жыйынтыкталды

Билим-маданият | 18 Янв 2023 | 2074 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөргөн жалпы республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү бүгүн, 18-январда аныкталып, сыйлоо салтанаты өттү. Бул сынактардан сырткары бир топ форумдар, тегерек столдор жана жыйындар да уюштурулган. Айлык иш-чара кыргыз тилин өнүктүрүүгө канчалык салым кошту? Демилге кандай көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды? Алдыда кененирээк токтолобуз.  

Бишкекте бүгүн, 18-январда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлык соңуна чыкты. Демилгенин алкагында Билим берүү жана илим министрлиги бир топ иш-чараларды өткөргөн.

Айта кетсек, министрлик мугалимдер арасында «Мыкты баяндамачы» сынагын жарыялаган. Ага жүздөн ашык мугалим катышып, биринчи орунду Бишкек шаарындагы №17 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Перизат Даткаева жеңип алган.

Сынак мугалимдердин эркин сүйлөй билүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, аларды материалдык жана моралдык жактан колдоо максатында өткөн.

«Сынак үч этапта жүрдү. Сынакка катышуу жеңил болду деп айта албайм. Анын өзүнүн оорчулуктары, жыргалчылыктары, сүйүндүрө турган, күйүндүрө турган учурлары болду. Сынак өткөн жылдын декабрь айында башталган. Биринчи, экинчи этапта биздин жазган баяндамалар текшерилди. Ал эми үчүнчү этапта катышкан мугалимдердин оратордук чеберчилиги текшерилди».

Мындан сырткары «Мыкты көп тилдүү мугалим» сынагы да уюштурулган. Аталган сынак Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мугалимдери арасында өткөрүлүп, көп тилдүү билим берүү программасы менен иштеп жаткан мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү уюмдары катышышты.

Бул сынактын жеңүүчүсү Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстанда өткөн эл аралык сынакка барып, 71 катышуучунун ичинен биринчи орунга ээ болду. Ал Бишкек шаарындагы №3 бала бакчада мугалим болуп эмгектенет.

«Биринчи Кыргызстанда өткөн сынакты жеңдим. Андан кийин Астанага чакыруу келди. Бул эл аралык сынакка КМШ өлкөлөрүнөн жети мугалим катыштык. Ал жерден да биринчи орунду алдым. Үч тилде көргөзмөлүү сабак өттүм. Биринчи бөлүгү кыргыз тилинде, экинчи орус тилинде, ал эми үчүнчү куурчак театры англис тилинде болду. Калыстар тобунун айтымында, жалгыз гана менин сабагым бардык талапка туура келген. Аларга менин балдарга сабак өткөнүм аябай жагыптыр. Биз өзүбүздүн бала бакчада ушундай ыкма менен сабак өтөбүз. Мен ал жерде өзүмдүн тажрыйбамды көрсөттүм».

Жарыяланган бир айлыктын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жаштар жана студенттер арасында да кыргыз тилин өнүктүрүү багытында теледебат, флешмоб, көркөм окуу, жолугушуу жана башка ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимованын айтымында, тилди өнүктүрүү бир гана кыргыз тилчинин милдети эмес. Ал ата-энелерден баштап, башка сабактын мугалимдерине чейин эне тилин балдарга үйрөтүү керектигин айтат.

Ошондой эле мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын жүрүшүндө аткарылган иштерге токтолду.

«5-сентябрда министрликтин 80 кызматкери президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган «Сабаттуу жазуу» өнөктүгүнө катышты. Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында кыргыз тилин үйрөнүү боюнча инновациялык усулдуктардын көргөзмөсү уюштурулуп, ага мамлекеттик, жеке бакчалардын, мектептердин, кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Аталган көргөзмөнүн негизги максаты коомчулукту кыргыз тилин окутуунун жаңы усулдары менен тааныштыруу жана алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтуу болду. Көргөзмөгө 14 катышуучу басылма жана электрондук усулдары менен катышып, тажрыйбалары тууралуу кеңири  баяндап беришти. Ошондой эле 15-ноябрда «Сейтек» улуттук балдар чыгармачылык борборунда кыргыз тилчи мугалимдердин жана китепканачылардын  форуму уюштурулду».

Мындан ары Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жаңы демилгелерди ишке ашырат.

Анын ичинде кыргыз тилин окутуунун предметтик стандартын жаңылоо, тилди деңгээлдер боюнча окутуунун натыйжалуулугун арттыруу, жаңы технологияларды үйрөнүү жана жайылтуу сыяктуу долбоорлор камтылган.

Copyright © 2017 Maral FM