Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы 21-24-январь күндөрү жабылат

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 294 | 0

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары 21-24-январь күндөрү жабылат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди. Чек ара Кытайда жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу жабылууда.

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 25-январдан тарта жанданат.

«Торугарт-автожол» бекети Кытайдан Кыргызстанга унааларды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM