Быйыл 6-10-февралда Москвада 30-эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын көргөзмөсү өтөт.
Бул тууралуу Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөгө Кыргызстандан беш компания катышат. Алар «АБАДА Трейд» ЖЧКсы, «Прод Импекс» ЖЧКсы, «Дауд-АС» ЖЧКсы, «Абдыш Ата» ЖЧКсы, «Бал аарысы» ЖЧКсы. Ошондой эле өз продукцияларын тааныштырууну жана эл аралык көргөзмөнүн ишине катышууну каалаган компаниялар Соода-өнөр жай палатасына кайрылса болот.
«Продэкспо» — Орусияда жана Чыгыш Европада тамак-аш жана суусундуктардын эң ири эл аралык көргөзмөсү. Иш-чарада тамак-аш, органикалык, адал жана башка азык-түлүктөр болот. Көргөзмөгө карата өндүрүүчүлөр жаңы өнүмдөрдү, соода маркаларын, бренддерди ишке киргизүүдө. Көргөзмө жыл сайын жаңылыктардын 14 пайызын сунуштайт.