Ызгардуу суукка байланыштуу Нарын шаарындагы мектептерде окууну баштоо эртең мененки саат 09:00гө жылдырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Орто мектептердин жылуулугун нормага ылайык кармоо жана жылуулукту күн сайын көзөмөлгө алуу тийиштүү мекеме башчыларына тапшырылды.
Мындан сырткары Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев «Нарын Жол Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунунун бригадири Сталбек Ибраевди кабыл алып, таң эрте окуучулардын мектепке баруусу кыйын болуп жатканын белгилеп, шаарда маршуруттук таксилердин каттамга эрте чыгуусун көзөмөлдөөнү тапшырып, жыйырмага чукул маршуруттук такси уюштуруп берүүнү макулдашкан.
17-январдан тарта Нарындын Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына которулган. Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.