Connect with us

ӨКМ: Майлуу-Сууда 800 абонентке ысык суу берилди

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 228 | 0

Бүгүн, 18-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов аталган шаарга барды. Министрликтин маалыматына караганда, суукта үзгүлтүккө учураган жылуулукту калыбына келтирүүгө жана шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн жалпысынан 27 техника, 170 кызматкер тартылган. Анын ичинен жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 28 кызматкер, 10 техника иштеп жатат.

Учурда № 1, 4 отказан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80%ы жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары «Кыргызнефтегаз» ишканасы шаардын Кутманов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарып, жалпы 1234 абоненттин 807 абонентине ысык суу берилди.

12-январда ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу каналдын түтүктөрү тоңуп, жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Кечээ, 17-январда үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштаганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM