Connect with us

Майлуу-Суудагы кырдаал. Депутаттар күнөөлүүлөрдү аныктоону сунуштады

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 323 | 0
Майлуу-Суу шаары, 17-январь

Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы кырдаал тууралуу маселе көтөрүлдү.

Шаар өткөн жумада жарыксыз, суусуз, жылуулуксуз калган. Депутат Нуржигит Кадырбеков ведомстволор аралык комиссия же депутаттык комиссия түзүүнү жана мындай абалдын пайда болушун иликтөөнү сунуштады.

Депутат Бактыбек Сыдыков да Майлуу-Суудагы абал жөнүндө айтып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөнүн жана Майлуу-Сууга да барышын талап кылды.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасына жана орун басарына кайрылганын билдирди. Эртең, 19-январда Жогорку Кеңеште энергосектордогу кырдаал боюнча Энергетика министрлигинин маалыматы угулмай болду.

Акылбек Жапаров ушул күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырууда.

12-январда ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу каналдын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Мындан улам шаарга 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кечээ, 17-январда Майлуу-Сууда бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштаганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM