Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ишкерлер кеңешинин биргелешкен жыйыны өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын Бишкекте ушул жылдын 26-январында өтмөкчү. Ага даярдык көрүү алкагында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
«Өкмөт баштаган Соода-өнөр жай палатасы эки өлкөнүн бизнесмендерине мамилелерди активдештирүүгө жардам берүү үчүн ниеттенүүдө. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү кызыкдар экендигин, ошондой эле Ишкерлер кеңешинин убагында эки мамлекеттин ортосунда чечилиши зарыл болгон өз маселелерин айткысы келерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери өзбек кесиптештери менен талкуулоо үчүн документтердин пакетин беришет. Ушундай эле документтердин тизмеси өзбек тараптан күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, иштиктүү Кеңеш Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда түзүлгөн.