Connect with us

Москвада мекендештерин опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 434 | 0

Жакында адамдарды уурдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ куралсыздандырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Быйыл 11-январында болжол менен саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан.

Бул факты Орусиянын ИИМдин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Орусиянын тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыстандын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар: «Аза большой» каймана аты менен белгилүү болгон Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган Ж.А. (ал эле Э.А.), Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган О.уулу Э., Лейлек районунун тургуну 1988-жылы туулган С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. болушат.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган», — деп айталт маалыматта.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда. Жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат, анткени, мекендештерге жасалган бул кол салуу бир гана окуя эмес.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандары Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнүп, купуялуулукка кепилдик берилерин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM