Биз менен байланышыңыз

6 жашар кыздын өлүмү: Кимдин жоопкерчиликке тартылары белгисиз

Коом | 17 Янв 2023 | 495 | 0

Кара-Балтада алты жашар кыздын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар бар. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Буга чейин кыздын ата-энеси Орусияда эмгек мигранты экени, кыз 18 жаштагы эжеси жана 30 жаштагы таякесинин кароосунда экени белгилүү болду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул үй-бүлө Жайыл райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө көп балалуу жана аз камсыздалган үй-бүлө катары каттоодо турган. Бүгүнкү күндө соттун чечими чыкканга чейин кимдин жоопкерчиликке тартылары белгисиз. Учурда бул факты боюнча окуянын бардык жагдайы текшерилип жатат.

Коомчулукту дүрбөткөн 6 жашар кыздын өлүмү тууралуу жаңы жагдайлар белгилүү боло баштады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин балдарга жана үй-бүлөлөргө кызматты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Төрөгелдиев үй-бүлө буга чейин аз камсыздалган үй-бүлө катары катталып, жөлөк пул алып келгенин белгиледи.

Анын айтымында, кыздын ата-энеси социалдык коргоо бөлүмүнө миграцияга кетип жаткандыгы тууралуу кабар берген эмес. Ошондой эле балдарды калтырып кеткен таякеси алардын мыйзамдуу өкүл катары дайындалбаган.

Кимдин жоопкерчиликке тартылары соттук экспертизалардын жыйынтыгына жараша аныкталат.

«Миграцияга кетип жатканда жок дегенде социалдык коргоо бөлүмүнө маалымат берип кетишсе болмок. Же болбосо иниси барып, ушундай калтырып кетишишти деп, кабар берип коюшса болот эле. Социалдык коргоо бөлүмүнө кабар берилсе, органдар тарабынан барып текшерилип, ал үй-бүлө боюнча мониторинг жүргүзүлүп турмак. Эгер кандайдыр бир учурлар катталса, мыйзамдуу өкүл жоопкерчиликке тартылмак. Бирок бул учурда мыйзамдуу өкүлдү жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Мыйзамдуу өкүлдү дайындабай, социалдык коргоо бөлүмүнө кабар бербей кеткени үчүн ата-энеси жоопкерчиликтүү болушу керек. Бирок азыр бир нерсе дештен алыспыз. Соттун чечимине жараша болот. Мындан сырткары учурда медициналык экспертизалар да жүрүп жатат».

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова кыздын буга чейин эле ден соолугу начар экенин айтат.

«Ата-энеси тарабынан кызга жакшы көңүл бурулган эмес. Мындай учурда ата-эне жоопкерчиликке тартылышы керек», — дейт Турдубекова.

«Тергөө иштери аяктаган соң гана кимдин жоопкерчиликтүү экени белгилүү болот. Соттун чечими менен гана ким күнөөлүү экени аныкталат. Азырынча бирөөнү күнөөлөгөнгө укугубуз жок. Кыз ооруканага алсыз болуп келген. Врачтардын айтымында, кыз жакшы каралган эмес. Жакшы тамак ичпеген. Мындан сырткары туугандары тарабынан жакшы багылган эмес. Биринчи кезекте бул үчүн ата-эне жоопкерчиликтүү болот. Себеби балага жакшы көңүл бурулган эмес».

Ал эми акыйкатчынын орун басары Альберт Колоповдун айтымында, мындай учурлар жашоо-шарттын деңгээлинин төмөндүгүнөн жана жумуш орундарынын жетишсиздигинен улам болуп жатат.

Ошондой эле Колопов «Балдар кодексине» эмгек мигранттарынын балдары тууралуу да пункт киргизүү керектигин сунуштады.

«Биз мигранттарды да күнөөлөгөндөн алыс болушубуз керек. Алар да аргасыздан жакшы жашоо издеп кетип жатышат. Бирок балдарын ишеничтүү адамга мыйзам чегинде таштап кетиши керек. «Балдар кодексинде» атайын мыйзамдардын жыйындары кабыл алынган. Ал жерде көптөгөн балдар категорияларга бөлүнөт. Анын ичинде эмгек мигранттарынын балдары жөнүндө аныктама жок. Муну дагы киргизип койсо абдан жакшы болмок. Бул дагы бир механизм. Ата-эне сыртка кетип жатканда балдары каттоого алынат».

Адвокат Бексултан Осмоновдун айтымында, ата-эненин укуктарынан сырткары милдеттери бар. Ата-эне ар бир баланын жашоосуна керектүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

Ал 6 жаштагы кыздын каза болгонуна ата-энеси да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтат.

«Бул ата-эне калган балдарын камсыздай алабы? Бул боюнча атайын органдар текшерүү иштерин жүргүзүшү керек», -дейт адвокат.

«Мыйзамга ылайык, бул административдик укук бузуу болуп калышы мүмкүн. Ата-энелик милдетти толук аткарбагандык деп. Бирок азыркы учурда 6 жаштагы кыз каза болуп калгандыгына байланыштуу ата-энесин укуктарынан ажыратууга мүмкүн эмес. Себеби кыз тирүү эмес. Ата-энеси социалдык коргоо органдарына кайрылып, кабар беришсе, алар тарабынан тийиштүү иштер аткарылбаса, мамлекеттик органдарды күнөөлөгөнгө болот. Бирок бул учурда ата-эне эч бир органга кайрылган эмес. Каза болгон кыздан сырткары да балдары бар экен. Ошол боюнча дагы карап чыгыш керек. Калгандарын карай алышабы? Эгер ата-энелик милдеттерин аткара албаса, аларга карата ата-энелик укуктарынан ажыратууга мүмкүнчүлүк бар».

Учурда бул факты боюнча окуянын бардык жагдайы текшерилип жатат.

Ал эми буга чейин чарчап калган 6 жашар кыз тууралуу социалдык тармакта «ачкачылыктан улам көз жумду» делген маалыматтар тараган.

Расмий статистика боюнча 2019-жылы 106 миң эмгек мигрантынын балдары катталган. Ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 85 миңге өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM