Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Ош шаарынын ЖЭБине барды

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 211 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы жылуулук электр борборуна барды. Борбордун жетекчиси Нурлан Арапбаев ишканадагы жабдуулар штаттык режимде иштеп жатканын, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгууда мүчүлүштүктөр жок экенин белгиледи.

330 көп кабаттуу үйдү, 199 турак-жайды жана 88 социалдык объектини жылуулук, электр энергиясы менен камсыздоочу 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Жапаров Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү «Т» формасындагы жолдун долбоору менен да таанышты. Анда шаардын жүктөмүн жеңилдетүү боюнча бир нече вариант сунушталды. Эсептөө иштерин тездетип, быйылкы жылы долбоорду капиталдык салымдар беренесине киргизүү керектигин Акылбек Жапаров кошумчалады.

Бүгүн аткаруу бийлигинин башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM