Биз менен байланышыңыз

Кара-Балта: 6 жашар кыздын өлүмүнүн чоо-жайы

Коом | 16 Янв 2023 | 1002 | 0

Кечээ Чүй облусунун Жайыл районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда алты жашар кыз чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты аталган борбордун директору Айнура Кожобекова тастыктады.

Анын айтымында, 6 жаштагы кыз аларга ишемби күнү, 14-январда өтө оор абалда алынып келинген. Ага дем алуу жетишсиздиги диагнозу коюлуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аны сактап калуу аракетине карабастан, кыз эртеси эртең менен көз жумган.

Аталган факт 2023-жылдын 15-январында Жайыл районунун ИИБнын ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Бул боюнча Жайыл районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Айнура Кожобекова кыз буга чейин ОРВИ менен ооруп, 2 күн үйдө дарыланып жатканын айтты.

«14-январь күнү 6 жашар кыз оорукананын реанимация бөлүмүнө келип түштү. Бейтап тааныштары тарабынан алып келинди. Ал эми 15-январь күнү каза болду. Эжесинин айтканына караганда, буга чейин 2 күн үйдө ооруп жаткан. Эжеси башы, ичи ооруганын айтып, эртең менен, түштө, кечинде анальгин беришкен. Эки күндөн кийин абалы начарлап кеткен. Андан кийин гана ооруканага алып келишкен. Ошондой эле ал кыз ОРВИ менен дагы ооруп жаткан. 6 жаштагы кыздын салмагы 12 кг болгон».

Ал эми Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков аталган факт 2023-жылдын 15-январында Жайыл районунун ИИБнын ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«2023-жылдын 15-январында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 2023-жылдын 14-январында саат 21.25те Кара-Балта шаарынын тургуну, жаран И.П. 2016-жылы туулган ага убактылуу бронхопневмония, дем алуу жетишсиздиги диагнозу коюлуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 2023-жылдын 15-январында саат 10.05те интенсивдүү терапияга карабастан реанимация бөлүмүндө жаткан кыз И.П. 2016-жылы туулган каза болгон. Иш боюнча бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалды».

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда бул факты боюнча окуянын бардык жагдайлары текшерилип жатат.

Ал эми чарчап калган 6 жашар кыз тууралуу социалдык тармакта ачкачылыктан улам көз жумду, — делген маалыматтар тараган. Ошондой эле баланын ата-энеси мигрант экени да айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM