Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 464 | 0

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат, жакында документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

«Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мыйзам бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүү, соттолгон мүчөлөрүн амнистиядан ажыратуу сыяктуу толуктоолор сунушталууда», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM